Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Кыргызстан Жапонияны тоо кен жаатта кызматташууга чакырды


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-январда Бишкекте Жапониянын тышкы иштер министринин орун басары Каюдзуки Хамада менен жолугушту. ТИМдин маалыматына ылайык, тараптар эки өлкөнүн алака-катышын кеңейтүү тууралуу сөз кылышты. Казакбаев Жапонияны тоо кен, энергетика, айыл чарба өнүмүн кайра иштетүү, туризм, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда инвестиция салууга чакырды.

1999-жылы Баткен окуясында Кыргызстанда кен чалгындап жүргөн 4 жапон геологун куралчандар барымтага алып кайра бошоткондон кийин Жапония Кыргызстан менен тоо кен жаатта кызматташпай калган болчу.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланышка быйыл 20 жыл толду. (EBM)

XS
SM
MD
LG