Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Атамбаев Ататүрктүн мавзолейине гүл койду


Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы расмий сапары уланууда. "Азаттыктын" кабарчысы Заирбек Бактыбаевдин Анкарадан билдиришинче, алгач кыргыз президенти Түркия жумуриятынын негиздөөчүсү, алгачкы президент Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар койду. Бул иш-чарага мамлекет башчынын жубайы Раиса Атамбаева да катышты.

Ушу тапта Атамбаев баштаган кыргыз делегациясынын түрк президенти Абдулла Гүл менен жолугушуусу күтүлүүдө. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу Түркия президентинин Анкарадагы «Чанкайа Көшкү» хансарайында болот. Эки тараптуу келишимдерге кол коюлаары күтүлүп жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG