Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Мьянмада оппозициянын лидерлеринин бири түрмөдөн бошотулат


Жакынкы сааттарда абактан оппозициянын көрүнүктүү лидерлеринин бири Мин Ко Наинг чыгаары күтүлүүдө. Өлкөдө 600дөн ашуун адамга мунапыс жарыяланган. Анын алкагында бүгүн боштондукка чыга тургандардын арасында саясий жүйөө менен камалган башка адамдар да бар.

Мин Ко Наинг 15 жылдан бери түрмөдө жатат. Соңку кездери өлкө бийликтери либералдашууга карай кадамдарды жасашууда. Оппозициянын ишмердүлүгүнө тыйуу дээрлик алынып салынды, саясий көз караштары үчүн камалгандардын көбү чыгарылды. Бирок адам укугун коргоочулар бул өлкөдөгү абактарда дагы эле эки миңдей абийир туткуну отурганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG