Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Медиаторлор өлкөнүн түндүгүндөгү абал кооптуу дешти


Медиация борборлорунун биримдигинин билдиришинче, учурда Кыргызстандын түндүк аймагында улут аралык мамилелер маселеси курч. Жөнөкөй уруш же күндө боло жүрчү пикир келишпестиктер тез эле улут аралык мүнөзгө өтүүдө.

"2010-жылдын 19-апрелинде Чүйдүн Маевка айылындагы кандуу окуя үчүн эч ким али күнчө жазалана электиги ого бетер кырдаалды курчутууда. Жаздын келиши менен Маевкалыктардын жерин басып алуу аракеттери кайра болоору айтылууда. Улут аралык жаңжал чыгып кетүү коркунучу тууралуу ачык айтып чыккан активисттер куугунтукталып, жергиликтүү бийликтер чыныгы маалыматты жашырып жатышат", - деп айтылат бүгүн таратылган билдирүүдө.

Медиаторлор Кыргызстандын президентин, премьер-министрин жана парламентти жоопкерчиликке жана эстүүлүккө үндөштү.

Медиаторлор чатактын катышуучуларын ишти сотко жеткирбей өз ара чечишип алуу багытында коомдук иш жүргүзүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG