Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Суни согушкерлери Иракта полиция бекетине кол салышты


Ирактын Рамади шаарында суни согушкерлери өкмөттүк комплекске чабуул жасаганда аз дегенде төрт кишинин өмүрү кыйылды. Аскер кийимчен, чыптамасына жардыргыч шыкаган согушкерлер жергиликтүү полиция, бир нече федералдык коопсуздук агенттиктери жайгашкан имаратка кирип барышкан. Кол салгандардын кеминде бирөө өзүн имараттын кире беришинде жардырды. Калгандары шийиттер басымдуулук кылган коопсуздук кызматкерлери менен аткылашып жатышат. Аймактык бийликтин маалымат кызматы 10 киши окко учкан болушу мүмкүн экендигин билдирди. Мунун алдыңкы күнү түштүктөгү Басра шаарында шийит динзарларына кол салууда 53 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG