Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Италияда чөккөн кемеден дагы беш кишинин сөөгү чыкты


Куткаруучулар туристтик кемеден дагы беш кишинин өлүгүн таап чыгышты. Ошону менен Италиянын батышында өткөн жума күнү кыйраган кемеден каза тапкандардын саны 11ге жетти. Аз дегенде 24 киши, анын ичинде бир нече германиялык турист дайынсыз жоголууда. Буга чейин Италиянын чек ара кызматтары “Коста Конкордия” кемесинен 29 киши жоголуп жаткандыгын айткан. Ичинде 4200 киши болгон кеме суу астындагы аскага урунуп, капталынан түшүп калган. Кеменин ээси кырсык үчүн кеменин капитанын “ката кетирди” деп күнөөлөп жатат. Италиялык сот капитан Франческо Шеттинону сот башталганга чейин үй камагынa чыгарды.

XS
SM
MD
LG