Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Ош шаардык кеңешине талапкер каттоо мөөнөтү узарды


Ош шаардык кеңешине талапкерлерди каттоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынан календарлык эсепти тактоодо техникалык ката кеткен.

«Мыйзам боюнча шайлоого 40 күн калганга чейин талапкерлерди каттоо жүрүш керек. Техникалык ката кетип, мыйзамдагы бул талап аткарылбай калгандыгы жөнүндө Боршайкомдон атайын кат келди. Мурунку эсеп боюнча документтерди кабыл алуу 22-январда бүтмөк. Эми 24-январь күнү саат 24:00гө чейин кабыл алынмай болду»,-дейт Маматалиева.

Ош шаардык кеңешине шайлоодо ат салышуу үчүн 8 партиядан арыз түшкөн. Алар - КСДП, КУДП, «Замандаш», «Улуттар биримдиги», «Адилеттүү Кыргызстан», Кыргызстан Коммунисттер партиясы, «Республика» жана «Ата Мекен». Шайлоо 4-мартта өтөт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG