Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Асгар Фархадинин фильми “Оскар” сыйылын алганы турат


Ирандык режиссер тарткан “Надер менен Симиндин ажырашуусу” фильмин АКШ Киноакадемиясы “Мыкты чет тилдеги фильм” номинациясында сыноого тандады. Ай башында бул көркөм фильм Голливудда “Алтын глобус” сыйлыгын жеңген. Шейшемби күнү Асгар Фархадинин фильми мыкты сценарий катары “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. “Мыкты кинофильм” үчүн француз Мишел Хазанавичустун “Артис” үнсүз тасмасы да ат салышууда. Легендарлуу Вудди Аллендин “Парижде, түн ортосунда” фильми мыкты сценарий үчүн күрөшүүдө. Мартин Скорсезенин “Убакыттын ээси”(Hugo) тасмасы Оскарга 11 номинация боюнча, анын ичинде “Мыкты фильм” катары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG