Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Түрмөлөрдө 149 адам дарыгерге кайрылды


Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык жарыялаган 149 адам дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борборунан кабарлашты. Алардын ичинен 48 адам оозун тигип алышкан.

Маалыматка ылайык, оозун тиккендердин катарына Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы 23-тергөө абагындагылар да кошулду. Кечээ бул абакта 58 адам оозун тигип, алардын бешөө колундагы тамырларын кесишкен. Караколдун абагындагылар Бишкектеги биринчи тергөө абагындагы бир камера жана өздөрү жаткан абакта да камералар ачык болушун талап кылышууда. Азыр Кыргызстандын түрмөлөрүнүн басымдуу бөлүгүндө ачкачылык уланууда. 24-январга карата оозун тиккендердин саны миңден ашып, кеминде он абакка жайылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG