Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Орусия мигранттарга каршы мыйзамды күчөтөт


Орусиянын Эмгек жана миграция мыйзамын бузган чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө 10 жылга тыйуу салынууга тийиш. Мындай билдирүүнү премьер-министр Владимир Путин бейшемби күнү Москвада расмий жыйында айтты. Ал ошондой эле мигранттарды уруксатсыз жумушка алган, аларды мыйзамсыз жатак жай же жалгама уруксат менен камсыздаган орусиялыктарга айып салгандын ордуна кылмыш иши козголот деди. Путин 4-мартта кайра президент шайланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG