Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Абдулайе 100 жашка чейин Сенегалды башкаргам дейт


Сенегалдын 85 жаштагы лидери Абдулайе Ваде февралдагы президенттик шайлоого катышкандай күч кубаттуу экенин билдирди. Ал буга чейин өлкөнү эки мөөнөт, 14 жыл башкарган.

Сенегалдын 2007-жылы кабыл алынган Конституциясы боюнча бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт. Абдулайе Ваде биринчи ирет 2000-жылы 1963-жылкы Конституция менен президент болуп шайланганын айтууда.

Ваде 2007-жылкы Конституцияга ылайык, ошол жылкы шайлоодо беш жылга шайланган. Бирок бир жылдан кийин Баш мыйзамдын тийиштүү беренесине президент жети жылга шайланат деген өзгөртүү киргизилген.

XS
SM
MD
LG