Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

"Фергана.ру" сайтын Кыргызстан боюнча жабуу техникалык жактан мүмкүн эместиги айтылды


«Фергана.ру» интернет порталын жабууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жок. Бул тууралуу ушу тапта парламентте жүрүп жаткан талкууда Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Ал муну «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасына шилтеме жасап айтты. Буга чейин парламентте 2010-жылдын апрел-июн окуялары боюнча токтом кабыл алынган. Аталган сайт улуттар аралык ынтымакты ыдыратып жатат деп аны жабуу керектиги айтылган болчу. Бүгүн парламенттик токтомдун аткарылышы талкууланып жатат

Ошондой эле суроо-жооп маалында июнь окуясына тиешеси болгон Жалалиддин Салахуддинов менен Иномжан Абдирасулов келип-кетип жүрүшкөндүгү боюнча кептер айтылып жаткандыгы белгилүү болду. Баш прокурор мындай маалымат жок экендигин айтып, алардын тиешелүү мүлктөрүнө арест коюлганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG