Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

"Кристаллдын" кызматкерлери митингге чыгышты


Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ишканасында эмгектенген жүздөй киши бүгүн шаар башкармалыгынын алдына митингге чыгышты. Алар 2010-жылдын апрелинен бери иштебей жаткан заводдун тагдырын чечип, элди жумуш менен камсыз кылууну талап кылышты. Кремний иштетүүчү бул завод бакиевчилерге тиешеси бар деген жүйөө менен реструктуризация үчүн убактылуу жабылган. Ошондон бери маселе чечилбей келет. Митингчилердин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар заводду инвесторго же жамаатка берип, реструктуризация ишин жасап жаткан атайын администраторду алмаштырууну жана ишканага берилүүчү электр энергиясынын баасын тактоону талап кылышты. Акциянын катышуучулары менен шаар жетекчилиги жолукту, маселени расмий Бишкек чечээри айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG