Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Пакистанда согушкерлердин чабуулунан 7 жоокер окко учту


Пакистандын Ооганстан менен чектешкен Куррам чөлкөмүндө болгон салгылашууда пакистандык 7 аскер жана 18 согушкер окко учту. Исламабад өкмөтүнүн өкүлү маалымдаганына караганда, жоочулар коопсуздук күчтөрүнүн текшерүү пунктуна кол салганда 7 жоокер мерт кетип, бир нечеси жараат алды. Аткылашуу учурунда аскерлер 18 согушкерди атып өлтүрүшкөнү маалымдалды. "Ажанс Франс Пресс" агенттигинин кабарына ылайык, "Талибан" кыймылынын өкүлү Эхсанулла Эхсан жапырыкты талип согушкерлери уюштурганын жана 12 чек арачы өлтүрүлүп, төртөө туткундалганын билдирди. Аткылашууда канча киши набыт кеткенин көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. Сөз болгон Куррам облусу талиптер менен алкаидачылар баш пааналаган аймак катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG