Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Былтыр согуш кесепетинен 3021 ооганстандык набыт болду


Былтыр Ооганстанда түрдүү калабаларда акрыкы беш жылда болуп көрбөгөндөй көп адамдын каны төгүлдү. Бириккен Улуттар уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын билдиришинче, 2011-жылы 3021 адам бейажал өлгөн. 967 киши жолго коюлган бомбадан жана жанкечтилердин бомба чабуулунан набыт кеткен. 2010-жылы 2790 адамдын өмүрү зобун болгон эле. Алардын көпчүлүгүн, же 77 процентин талиптердин чабуулунан набыт болгондор түзөт. 14 процентинин өлүмү үчүн НАТОнун жана Ооган аскерлери жооптуу деп айтылат БУУнун докладында. Былтыр 186 миңге чукул ооган жер которгон. Бул 2010-жылга салыштырганда 45 процентке көп.

XS
SM
MD
LG