Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт иштерине катыша албай калган маалымат каражаттары Боршайкомго нааразылыгын билдиришүүдө. “Ош ТВ” каналынын директору Сюита Соурбаеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, Кыргызстандын түштүк облустарында көрсөткөн төрт канал каттоодон өтпөй калган. Алар: Ош ТВ, Башат ТВ, 7-канал, Керемет ТВ каналдары. Бул каналдардын жетекчилери тиешелүү документтерди толук жиберилгенине карабастан, БШК аларды каттабай койгонун айтышууда.
Боршайкомдун төрагасы орун басары Гүлнара Журабаеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, маалымат каражаттары каттоодон өтүү үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жарыялангандан кийин он күндөн кеч калбай жарнамалык материалдардын бааларын жарыялашы керек болчу. Көпчүлүк каналдар бул жобону убагында аткарбагандыктан каттоодон өтпөй калышкан.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 4-мартка белгиленген. Ага үгүт иштери 3-февралда башталган. (KKs)