Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Невададагы кокус-шайлоодо кайра Митт Ромни жеңди


Массачусетстин экс-губернатору Митт Ромни президенттикке талапкерлерди тандоо боюнча Невада штатында өткөн республикачылардын жыйындарында-кокуста 47 процент добуш алды. Ал жакында Флорида штатында да партиялаш талапкерлерди артта калтырган. Өкүлдөр палатасынын мурдакы төрагасы Ньют Гингричти невадалык шайлоочулардын 25 проценти, пенсильваниялык мурдакы сенатор Рик Санторумду 22 проценти, техастык конгрессмен Рон Полду 13 проценти колдоду. Ошентип беш штатта болгон кокустун үчөөндө жеңген Митт Ромни ноябрдагы президенттик шайлоодо республикачылардын атынан Барак Обама менен беттешет сыягы.

Келерки кокус-шайлоо шейшемби күнү болот.

XS
SM
MD
LG