Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Алайда 16 кой кар көчкү астында калды


5-феврал күнү саат 15-16лар чамасында Ош облусунун Алай районундагы Будалык айыл округунун Октябр айылынын Кара-Жылга участогунда кар көчкү жүрүп, жергиликтүү тургандардын жайытта жүргөн 16 баш койун басып калган. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 16-январда Ош аймагындагы баардык райондорго атайын эскертме жөнөткөн. Кар көчкү жүрүүсү күтүлүп жаткандыктан жергиликтүү калктын кокту-колотторго мал жайуусуна жана мергенчилик кылууга тыюу салынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG