Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Сокулукта митингчилер жаңы акимге каршы


Ушу тапта Чүйдүн Сокулук райондук акимиатынын алдында жүздөй киши чогулуп турганын өзүн ошол митингдин катышуучусумун деп тааныштырган Алик Бутунбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аким шайлаардан мурда мындай укукка ээ болгон райкеңешти таркатыш керек. "Себеби райондук кеңеште мурдагы бийликтин "Ак Жол" партиясынын кишилери олтурат. Акимдикке да "Республика" партиясынын атына жамынып алып бакиевчилер өтүп жатат", - дейт Бутунбаев.

Анын билдиргенине караганда, кечээ Сокулукта аким шайлоо болду. Жергиликтүү депутаттар бул кызматка райондук кеңештин төрагасы Мукаш Осмонкуловду шайлашты. Бирок митингчилер Осмонкуловго акимдикти бербейбиз деп, буга чейинки аким Элкинбек Ашырбековдун калышын талап кылышууда.

Ал эми акимчиликтин кызматкерлеринин билдиргенине караганда, митинг кечээ өткөн, бүгүн тынч. Кечээ күнкү добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы Орозалы Мамаев Сокулуктагы аким шайлоо боюнча маалыматты эртең Бишкекке келип, пресс-конференцияда айтаарын "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG