Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Ошто бала уурдады деген киши сурак берүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 28-январ күнү 11 жаштагы кызын уурдаткан ата-эне шаардык милицияга кайрылган.

“Кызды үйдүн алдында ойноп жүргөн жеринен уурдап кетишкен экен. Бизге саат 14:30да арыз түштү. Ошол эле күнү ыкчам топ бала уурдады деп шектелген кишини кармаган. Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну Б.М. кылмышын мойнуна алды”,- дейт Сыдыков.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Уурдалган кыз ата-энесинин колунда, ден соолугуна коркунуч жок. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG