Бүгүн өкмөт Өнүгүү боюнча мамлекеттик банк ачуу маселесин талкуулады. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун билдиргенине караганда, бул банк улуттук ири долбоорлорду каржылайт. Акционердик коом түрүндө түзүлөт, бирок акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин колунда болот. Киреше табууга эмес, экономиканы өнүктүрүүгө багытталат. Март айында тиешелүү мыйзам долбоору парламентке сунушталат. (RK)