Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

66 судьянын ыйгарым укуктары узарды


Президент Алмазбек Атамбаев судьялардын ыйгарым укуктарын узартуу боюнча 5 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Судьялык ыйгарым укуктарын аткаруунун конституциялык  мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2011-жылдын апрелинде, июлунда жана декабрында токтотулган жергиликтүү соттордун 66 судьясынын ыйгарым укуктары узартылды. Ошондой эле, 2011-жылдын декабрында ыйгарым укуктары аяктаган жергиликтүү соттордун 20 төрагасынын, төрага орун басарларынын ыйгарым укуктары узартылды. (RK)

 

XS
SM
MD
LG