Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Орусия Лондон медалдары үчүн акчалай сыйлык жарыялады


Орусиянын өкмөтү ушул жайда Лондондогу олимпиада оюндарында алтын медал алган орус спортчуларына 4 миллион рублдан төлөп бермекчи. 4 миллион рубл 134 миң доллар болот. Өкмөт «Российская газетада» жарыялаган жарнамада күмүш медел алгандарга 2 жарым миллион, коло медал үчүн 1 миллион 700 миң рубл төлөй тургандыгы айтылат. 2008-жылы Бейжинде оюндарында да орус өкмөтү ушундай эле өлчөмдө акчалай сыйлык ажыраткан. Орусиялык ишкер сүрөөнчүлөр менен жергиликтүү өкмөттөр да өз сыйлыктарын даярдап жатышат. Мисалы Челябинск областы декабрда Лондондон алтын медал алган жергиликтүү спортчуга бир миллион доллар бермекчи.

XS
SM
MD
LG