Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Польша Европа чемпионатын өткөрүүгө даяр


Польша футбол боюнча Европа чемпионатын өткөрүү үчүн курулуп жаткан объектилердин 90 проценти даяр деп билдирди. Варшаванын ырастоосунда, 83 объектинин 75и курулуп бүттү же аяктайын деп калды. Сөз стадиондор, аэропорт, автожолдор тууралуу жүрүүдө.

Польшанын өкмөт башчысы Радослав Сикорски бүгүн Киевде украиналык кесиптеши Константин Гришенко менен турнирге даярдыкты талкууламакчы. Ушул жайда өтө турган чемпионатты эки өлкө кабыл алат. Сүйлөшүүлөрдө саясат, анын ичинде Киев менен Евробиримдиктин мамилелери, экс-премьер Юлия Тимошенконун сот иши да сөз кылынат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG