Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

АКШда 1978-жылдан бери алгачкы реактор курулат


АКШ өкмөтү 1978-жылдан бери биринчи атомдук реактор курууну жактырды. Атомдук иштер боюнча комиссия өткөргөн угууларда Жоржия штатында иштеп жаткан электрстанцияда 2 реактор куруу чечими кабыл алынды. Долбоор 14 миллиард долларга бааланууда. Реакторлор 2016 же 2017-жылы ишке кирет деп болжолдонууда. Акыркы жолу комиссия реактор тургузуу планын 1978-жылы жактырган.

Кийинки жылы Пенсилваниядагы атомдук станцияда кырсык болуп, бир топ кооптонуу жараткан. Комиссиянын төрагасы Грегори Ячко былтыркы Фукушимадагы окуялардан кийин атомдук энергия чөйрөсүндө этият болуу керектигин белгилеп, долбоорго каршы добуш берди.

XS
SM
MD
LG