Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Алматы соту журналист Г.Павлюк боюнча чечимди күчүндө калтырды


Алматы шаардык соту 2009-жылы киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун иши боюнча соттолгон үч адамдын доо арызын канааттандырган жок жана аларга буга чейин чыгарылган чечимди бүгүн күчүндө калтырды.

Былтыр 10-октябрда Алматы шаарындагы райондор аралык атайын сот бул боюнча кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкуловду 17 жылга, Казакстандын жарандары Шалкар Уразалинди 11, Алмаз Игиликовду 10 жылга түрмөгө кескен.

Соттолгондор өздөрүнө тагылган күнөөнү моюнга алышкан эмес. Алдаяр Исманкуловдун атасы Валерий Ким соттун өкүмүн “саясий чечим” катары баалаган. Айыпталгандардын адвокаттары эми доо арыз менен Жогорку сотко кайрылышаарын билдиришти.

Журналист Генналий Павлюк 2009-жылдын 16-декабрында колу-буту байланган бойдон Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан ыргытылган. Алты күндөн кийин шаардагы ооруканалардын биринде көз жумган. (TD)

XS
SM
MD
LG