Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Өзгөндө жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз


Ош облусунун Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөн шаарынын вице-мэри Артур Муратов билдирди. Анын айтымында, 119 айыл жана бир шаардан турган бул райондо азыр жол коопсуздук кызматын жети гана көзөмөлдөөчү тейлейт. Вице-мэрдин бул маалыматын райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча орун басары Бакы Дыйканов да тастыктады. Дыйканов билдиргендей, азыр Өзгөн шаарынын өзүнө эле аз дегенде беш “МАИчи” керек.

“Шаарды өлкөнүн негизги Бишкек – Ош жолу кесип өтөт. Бир күндө 10 миңден ашуун унаа каттайт. Шаарда эки гана жол коопсуздугун көзөмөлөөчү иштейт. Район боюнча жок дегенде 15 кызматкер болушу керек”,- дейт Дыйканов. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG