Венада Ооганстандагы маңзаттарынын проблемасына арналган эл аралык жыйын ачылды. Жыйында ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү ооган жеринде апийим өндүрүшүн чектөө жана маң аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүүнүн жолдорун талкуулашат. Иш-чара тогуз жыл мурда Парижде кол коюлган келишимге ылайык өтүүдө.
БУУнун Маң аткезчилигине жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин соңку маалыматына караганда, былтыр Ооганстанда апийимден түшкөн киреше 133% өсүп, 1, 4 миллиард долларды түздү. Бул өлкөнүн ички дүң жыйымынын ондон бири.