Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Күн жылып, көчкү түшүү коркунучу күч алды


Транспорт министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, ушул тапта Ош – Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында, Ала-Бука, Чаткал жактагы Чапчыма ашуусунда көчкү түшүү коркунучу бар. Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда көчкү түшүп, тазалоо иштери журүүдө. Аймакта негизи делген Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт жолдору ачык. Бирок көчкү кайсы саатта, кандай учурда түшөрү белгисиз болгондуктан Транспорт министрлиги айдоочуларды жолдо жүргөндө 500 метр аралыкты сактап, сак болууга чакырат. (AzK)

XS
SM
MD
LG