Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара борбор калаадагы №4 мектепте 21-февралда өтөт. Бул Кыргызстан элдеринин тилин, маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана достукту, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулууда. Иш-чарага мамлекет жетекчилери, ар кайсы улуттун тилчи, адабиятчылары катышат.
1999-жылы ноябрь айында өткөн ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 30-сессиясында тил жана маданияттын ар түрдүүлүгүн колдоо максатында 21-февраль “Эл аралык эне тил күнү” деп бекитилген. (КЕ)
1999-жылы ноябрь айында өткөн ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 30-сессиясында тил жана маданияттын ар түрдүүлүгүн колдоо максатында 21-февраль “Эл аралык эне тил күнү” деп бекитилген. (КЕ)