Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Грузияда экс-депутат "кутумчу" деп камакка алынды


Грузия парламентинин экс-депутаты Валерий Гелбахиани төрт жыл мурда өкмөттүк төңкөрүш уюштурмак болгон деп күнөөлөнүп, 20-февралда камакка алынды. Ырасмий маалыматта ички иштер министрлиги 2008-жылкы президенттик шайлоо алында жашыруун тартып алган видеотасмада Гелбихиани массалык нааразылык акцияларын уюштуруунун жолун талкуулап жатканы айтылат. Ал грузин олигархы жана президент Михаил Саакашвилиге каршы ийгиликсиз күрөшкөн Бадри Патаркацишвилинин жакын кеңешчилеринен болгон. Патаркацишвили 2008-жылы 12-февралда Лондондо жүрөгү токтоп, көз жумган. Грузиянын ички иштер министрлигинин кабарлашынча, Валерий Гелбахиани Грузиядан Арменияга өтүп баратканда кармалды.

XS
SM
MD
LG