Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Мамлекеттик гимндеги беш сөз алмаштырылат


Кыргызстандын мамлекеттик гимниндеги беш сөз алмаштырылыт, алардын бири көпчүлүктүн көңүлүнө жага бербеген «бейкуттук» деген сөз. Бул тууралуу «Парламент» радиосунун түз обосунда Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик символикалар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Абдырахман Маматалиев билдирди.

Депутаттын айтымында, эгер коомчулук колдоп берсе, гимндеги «бейкуттук» деген сөздүн ордун «береке кут» деген сөз тизмек алмаштырат.

Маматалиев ошондой эле легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү драматург Мар Байжиев гимндеги 1-куплетти толугу менен өзгөртүү сунушун комиссиянын кароосуна жолдогонун айтты.

Мамлекеттик символикалар боюнча депутаттык комиссия өз ишин ушул жылдын май-июн айларында аяктайт. Келип түшкөн сунуштар Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Бул кабар парламенттин маалымат кызматынан алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG