Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Башкы прокуратура 2011-жылы кыйноолор боюнча 54 кылмыш иш козгогон


Мындан сырткары алты укук коргоо кызматкерине айып угузулган. Бул тууралуу кечээ Бишкекте эл аралык уюмдар менен биргеликте кыйноолорго каршы Стамбул протоколун талкуулоо учурунда айтылды. Башкы прокуратура кыйноо фактыларын далилдөө кыйын болуп жатканын, арыз ээлери кайра баш тарткан учурлар арбын экенин билдирди. Өткөн жылы кыйноо фактылары боюнча Башкы прокуратурага 298 кайрылуу түшкөн. Булардын ичинен 54 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулар кыйноолордун 80% ашууну милиция тарабынан болорун белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG