Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Хосни Мубарактын өкүмү 2-июнда угузулат


Бул тууралуу Каирдеги сот жыйынында белгилүү болду. 1 жыл мурун бийликтен куулган, Египетти 30 жыл башкарган экс-президент Хосни Мубарактын үстүнөн сот жараяны 7 айдан бери уланууда. Мубарак өткөн жылкы элдик толкундоолордогу 800 кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп айыпталууда.

Айыптоочу тарап 83 жаштагы Мубаракты өлүм жазасына тартууну талап кылууда. Бул иш боюнча экс-президентке жакын, мурда жогорку кызматтарды ээлеген 7 киши дагы айыпталууда.

Андан сырткары Мубарак, анын 2 уулуна коррупциялык иштер боюнча өзүнчө кылмыш иш ачылган.

XS
SM
MD
LG