Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Ооганстанда НАТОнун 2 жоокерин өлтүрүп кетишти


Ооганстандын чыгышында улуттук армиянын кийимин кийген эки адам НАТОнун 2 жоокерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Түндүк альянстын командачылыгы билдирди. Окуя бейшембиде куралчан эки демонстрант Нангахар чөлкөмүндөгү базага чабуул койгон маалда болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, алар америкалык аскерлердин огунан набыт болгондон кийин аз дегенде оогандык аскер америкалыктарга ок чыгарган. Нангахар губернаторунун маалымат катчысы Зия Гилдзай Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жаткан чакта америкалык жана оогандык аскерлер ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Бийлик азыр окуянын чоо жайын иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG