Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

УКМК: жемкордукту жеңе баштадык


УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат 100 күндүк ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Аталган кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев кызматына, коомдук даражасына, саясый багытына карабастан, жемкордукка малынгандар менен күрөш аягына чыгаарын убада кылууда. Оппозиция болсо бийликтин аракетин "жел убада" катары баалап, коррупциялык күрөш саясий каршылаштарына багытталган деп билдирди.

Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөн 100 күн ичинде жемкордукка байланышкан 20 кылмыш иши козгоду. Аталган кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев:

- Биздин ишибиздин жыйынтыгы боюнча айта турган болсок, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 20 кылмыш иши ачылды. Салыштыруу үчүн былтыркы жылы жыл боюнча коррупцияга байланышкан 40 эле иш ачылганын айтсак болот. Мындан улам алдыбызда турган 10 айды эсепке ала турган болсок, бир топ иштерди жасоого мүмкүнчүлүк бар.

Бул иштердин катарында бир да мамлекеттик жогорку кызматкерге кылмыш козголбогонун Сыдыгалиев мойнуна алуу менен, муну айныксыз далилдерди чогултуу түйшүгүнө байланыштырды. Ошону менен катар мансабы чоң кызматкердин баары текшерилип жатканын белгиледи:

- Буга чейин деле бир нече ирет биздикине окшогон кызмат, комитеттер түзүлгөнүн билебиз. Бирок ал учурда коррупцияга каршы күрөштү аягына жеткире турган өлкө жетекчилеринин саясий эрки болгон эмес. Учурда президент менен премьер-министрдин бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук колдоосуна ээ болуп жатабыз. Ошондуктан мындай колдоо бул күрөштү аягына чыгарууга жетиштүү дем-күч берүүдө.

Бирок оппозиция өкүлдөрү бийликтин коррупцияга күрөшүн буга чейин боло жүргөн “кампанейщина” катары атап жатат. Ал эми оппозиция лидерлери УКМКнын бул антикоррупциялык чаралары саясий максатка багытталган деген жүйөнү карманууда. Буга акыркы учурдагы парламенттеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясынын айрым өкүлдөрүнө байланышкан кылмыш иштерин мисал тартып жатышат.

Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчигине алды деп шектелип жаткан “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев:

- Мурдагыдай эле абал кайталанып жатат. Мисалы, мага деле улам-улам кылмыш ишин ачып-жаап, сес көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бул коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, бир аз болсо да өзүнүн саясий оппоненттерине сес көрсөтүп, оозун жабууга болгон аракет экенин коомчулук билип эле жатат. Коррупцияга каршы күрөштү бийлик ылдыйдан издебей, өздөрүнөн, өз айланасындагылардан башташы керек эле. Жогорку кызматтагы эки-үч чоң министрди кызматтан алып, жоопко тартышы керек эле. Бирок андай иштер жасалбастан, майда-чүйдө кызматкерлерди камап жана өз саясий атаандаштарына кылмыштар козголуп жатат.

Бирок Коррупцияга каршы кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев мындай дооматты четке кагууда:

- Албетте коррупцияга каршы кызматтын ишмердүүлүгүнө жана ишин жыйынтыгына кандайдыр бир саясий боёк сүртүүгө аракет кылып жатышат. Мындан улам мен бул күрөштө эч кандай саясий кызыкчылык жок экенин белгилегим келет. Биз президент алдыбызга койгон максаттарды гана аткарып жатабыз. Кайсы гана партиянын мүчөсү же коомдун кайсы гана катмарынын өкүлү болбосун, мыйзамды бузса, ошого жараша гана иш жүргүзөбүз. Башкача болушу да мүмкүн эмес.

"Кол тийбестер, чаң жукпастар болбойт"

Айрым көз каранды эмес талдоочулар бийлик коррупцияга каршы күрөш тактикалык жактан туура эмес болуп калганына көңүл бурууда. Маселен, “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов жогорку эшелон тазалоону өзүнөн баштаса туура болмок деген ойдо:

- Мамлекеттик бийликтин өзүндө кандай адамдар отурат? Анан мына ошол адамдар өздөрү менен күрөшөбү? Бул акылга сыйбаган нерсе. Баткен аркылуу Тажикстанга карамай аткезчилиги токтобой атат. Эмне үчүн? Себеби анын артында күчтүү колдоо бар. Аны токтото алышпайт. Себеби өздөрүнүн адамдары. Булар "коррупциялык иште бизге боло берет, башкаларга жол жок" деген принципке өтүп алышкандай. Шадиев, Бабанов, Сатыбалдиев – кимдер экендигин коомчулук жакшы билет. Анан ошолор коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу айтып жатышса ким ишенет?

Президент Алмазбек Атамбаев кызматына киришип жатып коррупцияга каршы күрөштү башкы максаттарынын бири катары жарыялаган. Бул убадасынан кайра кайтпай турганын өткөн аптада Москвага сапары учурунда “Эхо Москвы” үналгысына курган маегинде дагы бир жолу тастыктады:

- Президент болгон соң биринчи иш катары коррупцияга каршы кызматты түзүп, бардык чиновниктерге мындан ары кол тийбестер жок экенин эскерткем. Азыр 3 сот кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 20 жыл ичинде мындай болгон эмес. Бир гана сот күйөөсүн ууландырганы үчүн кылмыш жазасына тартылган. Калгандары болсо айып пул төлөп кутулуп жүрүшкөн. Учурда Кыргызстанда бардык жогорку кызматтагылар, соттор, прокурорлор, министрлер, депутаттар жазасыз калбай турганын түшүнүп калышты.

Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мисалы, 2011-жылы эл аралык Transparency International уюму иликтеген 182 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 166-орунду ээлеген. Кыргызстан мындай баа менен Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрүнүн катарынан орун алган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG