Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Коогалаң: кылмышкерлердин көбү эркиндикте


Ош, 21-июнь, 2010-жыл
Ош, 21-июнь, 2010-жыл

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин айтымында, июнь коогасындагы кылмыштардын 7 пайызынын бети ачылган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиевдин 28-февралда маалымат жыйынында билдиргенине караганда, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуялар боюнча жалпысынан 5700гө жакын кылмыш катталган. Алардын ичинен 402 иштин бети ачылды. Бул катталган кылмыш иштин 7 пайызын түзөт. Жалпысынан күч колдонуу менен өлүм тапкан 442 адамдын сөөгү табылган. Алардын 21и дале толук тааныла элек.

- ДНКсын аныктоо үчүн Кытай, Орусияга алып бардык, бирок азырынча жыйынтык чыкпай жатат. Азыр да Германия менен сүйлөшүп жатабыз. Бул багытта "Кызыл чырым" уюму да жардам берип, чараларды көрүүдө. Жалпысынан 5640 кылмыш иши козголгон. Кылмыш жоопкерчилигине 545 адам тартылган, 408 киши камалган.

Серепчилер менен эксперттер кылмыш иштердин көбүнүн бети ачылбай жатышынын бир канча себептерин белгилешүүдө. Алсак, кылмышка шектүү адамдардын учурунда өздүгү аныкталбай калгандыгы жана башка өлкөлөргө изин суутуп кетиши. Көбүрөк мындай жүйөнү кармангандардын бири - июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов. Анын айтымында, коогада жакындарын жоготкондордун негизги нааразылыгы да ушуга байланыштуу болууда.

- Тергөө иштери башталганда эле бир топтору кошуна мамлекеттерге качып кетип, издөө жарыяласа да эмгиче табыла элек. Эң чон себеби ушул болду. Өз учурунда тергөө органдары тиешелүү чараларды колдонсо, бүгүнкүдөй бети ачылган кылмыш 7 эмес, 70% болмок беле деп ойлойм.

Ош, 21-июнь, 2010-жыл
Ош, 21-июнь, 2010-жыл
Башкы прокурор Аида Салянова август айында “Азаттыкка” курган маегинде да негизги кылмышка шектүүлөрдүн өз учурунда кармалбай калышынын себептерин түшүндүргөн болчу. Ал жазага тартылчу адамдардын көбү Өзбекстанга, Орусияга качып кеткенин, аларды кайтаруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчү аткарылбай жатканын белгилеген болчу.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бир топ маанилүү делген фактылар боюнча кылмыш иштери козголбой калганын белгилөөдө.

- Биринчиден, профессионалдуу иш жүргөн жок. Башкы прокуратура же башка мамлекеттик органдардан алынган маалыматтар менен өзүбүздөгү маалыматтарды салыштырганда көрүп атабыз. Иш үстүртөдөн жүрүп атат. Көп факт боюнча кылмыш иш бүгүнкү күнгө чейин козголгон жок. Курал-жарактарды колунан алдырып жиберген аскер жана чек ара кызматындагыларга кылмыш иши козголгон. Бирок ошол куралдарды тартып кеткен факты боюнча кылмыш иши козголгон эмес, ал боюнча иликтөө иштери да жок. “Алай” мейманканасындагы эң биринчи ок атылган факт боюнча да иш козголгон эмес, тергөө иштери жүргүзүлгөн жок. Өлгөндөрдүн саны да мамлекеттик түзүмдөрдө так эмес болуп атат. Эгер Башкы прокуратура чындап киришип, иштесе, иш ыкмасын башкачарак жүргүзүш керек. Чындыктан качып, чындыкты айткандарды куугунтуктабастан, алардын да маалыматтарын изилдеп чыгыш керек.
Өз учурунда тергөө органдары тиешелүү чараларды колдонсо, бүгүнкүдөй бети ачылган кылмыш 7 эмес, 70% болмок беле деп ойлойм.

Конфликтолог, талдоочу Санжар Тажыматов июнь коогасы боюнча соттук жараяндар, тергөө, иликтөө иштеринин узакка созулуусуна айрым саясатташкан жагдайлар негиз болушу ыктымалдыгын белгилөөдө. Анын айтымында, чыр-чатактан кийинки мезгилде сот адилеттүүлүгү ишке ашуусу зарыл.

- Эгер андай болбосо чыр-чатак жашыруун формага өтүп, кийин пайда болушуна шарт түзөт. Ошондуктан сот адилеттүүлүгүнүн мааниси өтө зор. Кылмыштын калган пайызын да ачыш үчүн саясатты алып таштап, мыйзамдын негизинде карап, аны чечүүгө аракет жасаш керек. Мыйзамдык жактан чечилгенде да бул маселе саясатташып кетиши мүмкүн. Анткени Кыргызстандын азыркы шартында июнь жана апрелде болгон окуя чоң полемикага айланган. Бул жерде аймактык, улуттар аралык чыр-чатак бири-бирине чырмалышып, байланып калган. Ошондуктан өтө татаал маселе болууда.

Жакында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы кабыл алып, башка окуялар менен катар июнь коогасын аягына чыгарууну талап кылган. Серепчи, эксперттер бир топ жагдайлар эми жанданат го деп үмүт кылышууда.
XS
SM
MD
LG