Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Митт Ромни эки штаттагы баштапкы шайлоодо жеңди


Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер болууну көздөгөн саясатчылардын Мичиган жана Аризона штаттарындагы ат салышында Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни мурдагы сенатор Рик Санторумдан ашып өттү. Бирок аналитиктердин пикиринде, ал атаандашын өзүнүн кичи мекени, бир кезде атасы губернатор болгон штатта чоң артыкчылык менен жеңе албаганы Республикалык партиянын талапкери али аныктала электигин көрсөтүүдө.

Мичиганда Санторум 38% добуш алса, Ромни 41% гана добуш топтоду. “Биз көп артыкчылык менен жеңбедик, бирок жетиштүү деңгээлде жеңдик. Мунун баары мааниге ээ”, - деди Ромни жактоочуларына кайрылып.

Эми келерки шейшембиде баштапкы шайлоо АКШнын он штатында. “Чоң шейшемби” деп аталган бул күнү Республикалык партиянын августтагы курултайынын 419 делегаты талапкерлер арасында канндай бөлүнөрү аныкталат. Республикалык партиянын азыркы президент Барак Обама менен ат салышуучу талапкери ошол курултайда бекитилет. Бирок мындай укукту ким алары ага чейин эле чечилип калат. (UE)

XS
SM
MD
LG