Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Сотторду тандоо кеңеши тарабайт


Азыр иштеп жаткан Сотторду тандоо кеңеши тарабайт. Бул тууралуу Сот реформасы жөнүндө мыйзамдардын макулдашылган вариантын иштеп чыккан топтун мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы Сотторду тандоо кеңешинин ушул курамда калышын жарандык коом да, парламенттеги фракция өкүлдөрү да колдоп жатат.

Өткөн жылдын жай айында түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам толук кандуу иштебей турат. Буга чейин Роза Отунбаева президент болуп турган учурунда Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, мыйзамдагы кемчиликтер жоюлушу керектигин белгилеген. Андан бери депутаттар мыйзамдарды кайра кароо менен алек. (KKs)

XS
SM
MD
LG