Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Токмок мэриясына шайлоо боюнча эскертүү берилди


Чүйдүн Токмок шаардык прокуратурасы Токмок шаар башчысына, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине жана Токмок аймактык шайлоокомдун төрагасына алдын ала эскертүү жасады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө.

Эскертүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык кеңешке шайлоого кийлигишпөөгө тийиштиги, укук коргоо кызматкерлери коомдук тартип камсыз кылышы зарылдыгы белгиленген. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясы үгүт маалында же андан кийин улут аралык мамилени козутуучу чакырыктарга жол бербеши керектиги айтылган. Токмок жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 4-мартта өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG