Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ош: шайлоо участкалары милициянын көзөмөлүндө


Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоону милиция көзөмөлгө алып турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Оштогу 73 шайлоо участкасында эки-үчтөн милиция бар. Азырынча эч кандай тартип бузуулар жок. Өмүрзаков билдиргендей, бүгүн шаарда спирттик ичимдиктерди сатууга да тыюу салынган.

Шайлоо участкалары бүгүн саат 8.00дө ачылган. Добуш берүү 20.00гө чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG