Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Жумгал: Шайлоочулардын 5 пайызы добуш берди


Жумгал районунда Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жаудат Нураковдун “Азаттыкка” кабарлашынча, аталган айылдарда жалпысынан 11 шайлоо бекети ачылды. Саат 10го карата 240тай адам добуш берди. Беш айылдык кеңеште жалпысынан 11 миңге жакын шайлоочу бар.

Шайлоого 239 талапкер катышууда. Негизи 65 депутат шайланышы керек. Анда “Республика” партиясы 65, “Замандаш” 50, “Таза табият” 2 талапкер сунуштаган. Жарандар тобу 5 адамды түзөт, калгандары өзүн өзү көрсөткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG