Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо түшкү саат бирге чейин 37 миң 869 адам добуш берди. Бул шайлоочулардын 30,7 пайызын түзөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, азырынча добуш берүүдө мыйзам бузуу каттала элек, кырдаал көзөмөлдө. (EBM)