“Манас” аба майданында Кытай жараны Чэн Юанчню аткезчилик жол менен 18 алтын куймасын Үрүмчүгө алып кетер алдында кармалды. Бажы кызматынын басма сөз кызматкери Абдылда Малдыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алтындын жалпы салмагы 520 граммды түзүп, 1,5 миллион сомдон ашык деп бааланууда. Бул факт боюнча аткезчилик беренесине ылайык кылмыш иши козголду. (KKs)