Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Акмат Бакиевдин качышы боюнча кылмыш иши козголду


Акмат бакиев сот залында, Бишкек, 12-январь, 2011.
Акмат бакиев сот залында, Бишкек, 12-январь, 2011.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин жатак абактан качып кетиши боюнча эки кылмыш иши козголду.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бул иш боюнча күч түзүмдөрү менен жабык жыйын курду.

Башкы прокуратура эки иш козгоду

Башкы прокуратура Акмат Бакиевдин качып кетиши боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Биринчиси, өз ишине көңүл кош мамиле кылган деп шалаакылык боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тиешелүү жетекчилерине козголгон. Экинчи иш жаза мөөнөтүн өтөп жатып качып кеткени үчүн Акмат Бакиевдин өзүнө карата ачылды.

Баш прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбеков “Азаттыкка” буларды маалымдады.

- 2012-жылдын 6-мартында Башкы прокуратура Акмат Бакиведин качуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкача айтканда, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жерден качуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов түштөн кийин Акмат Бакиевдин качып кетиши боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, жыйын өткөрдү. Жыйынга алгач журналисттер чакырылып, бирок белгисиз себептерден улам киргизилбей, ал жабык өттү.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров анын жыйынтыктары боюнча буларды айтты.

- Азырынча атайын иликтөө жана тергөө иштери бүткөнгө чейин №35 колониянын башчысы Илимбек Самсалиев кызматынан четтетилди. Өкмөт башчы тез аранын ичинде иликтөө иштерин жүргүзүүнү, эмне үчүн мындай болгондугун териштирүүнү тапшырды. Күч түзүмдөрү болсо издеп жаткандары боюнча маалымат беришти. Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Бакиевдер Кыргызстанда жүрө албайт

Өткөн жылы август айында 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев алгач Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп, жыл башында баш калаада жайгашкан №35 жатак абакка которулган болчу. Жатак абактын шарты боюнча соттолгон адам келип катталып коюп, кайра кете берүү укугуна ээ. Башкача айтканда ал кайтарууда болбойт. Жатак абакта Бакиев 2 жыл 8 ай жаза мөөнөтүн өтөмөк. Бирок ооруп жатканына байланыштуу январь айынын акырынан бери ал 6-шаардык ооруканада, андан кийин жеке менчик оруканада дарыланып жаткан.

Ал эми көпчүлүктү Акмат Бакиев абактан дээрлик бошонуп калганда эмне үчүн качып кетти деген суроолор кызыктырууда.

Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов Акмат Бакиев боштондукта болгону менен ээн-эркин Кыргызстанда жүрө албайт болчу деген пикирде:

- Мен буга чейин да Акмат Бакиев Жалал-Абадга да бара албайт деп айткам. Анткени бул киши өтө көп адамдарды кордоп койгон. Ошолордон коркуп качып кетти. Бир туугандары Казакстанда деп айтылып жүрөт, менимче ошол жакка качып кетти. Ал эми аны качырып жиберүүгө корупция, чек аралардын ачыктыгы себеп болду.

Акмат Бакиевдин качып кетиши боюнча башка да версиялар айтылууда. Издөөдө жүргөн Бакивдер мындан кийин да Кыргызстанды туруксуздаштырууга аракет кылыш мүмкүн. Ошондон улам бүгүнкү бийликте барымтада болбосун деп Акмат Бакиевди чыгарып кетти деген пикирлер да жок эмес.

Бирок Бектур Асанов мындай ойлорду четке какты:

- Бакиевдер азыр эч нерсе уюштура албайт, колдорунан эч нерсе келбейт. Бирок Бакиевдердин атын жамынып башка күчтөр бир нерселерди уюштуруп жибериши мүмкүн.

Такталбаган маалыматтарга таянсак, Акмат Бакиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен болушу мүмкүн. Бирок чек ара кызматы анын чек араны кесип өтпөгөнүн ырастоодо.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов болсо Акмат Бакиевди качырып жиберүү чоң катачылык болду деп эсептейт:

- Акмат Бакиев агасы келгенче абакта отурушу керек болчу. Анын бир туугандары учурунда көп туура эмес иштерди жасап, бүт Кыргызстанды сатып алышкан. Анан Бакиевди шарттуу түрдө деп абактан чыгарып коюшту. Акмат Бакиев жооп бериш керек эле. “Агаң келгенге чейин отурасың” деш керек болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев уша тапта Беларусияны баш калка кылып жүрсө, Жаныш Бакиевдин кайда экендиги так белгисиз. Ал эми башка Бакиевдер Казакстанда жүрүшү ыктымал деп айтылып жүрөт. 7-апрель окуясынан кийин Акмат Бакиевден башкасынын баары өлкөнү таштай качкан. Аларга кыргыз бийликтери издөө жарыялап, бирок тузакка түшүрө албай келатат. Ал эми Акмат Бакиведи 2010-жылы июнь окуясынан кийин Жалал-Абаддан кармашкан болчу.

XS
SM
MD
LG