Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

АКШ Транзиттик борбордун келечегин салмактуу талкуулоого үмүттөнөт


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен түркиялык ТРТ телеканалына берген интервьюсунда билдирген. Анын айтымында, АКШ тарап "Манас" аба майданындагы “Транзиттик борбордун келечегин Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен салмактуу талкуулоого үмүттөнөт”. Элчи кошумчалагандай, мында АКШ тарап Ооганстандын өзүндөгү кырдаалды да эске алат.

“Манаста” АКШнын Транзиттик борборунун туруусу боюнча учурдагы келишим 2014-жылдын июнь айында аяктайт.

Президент Алмазбек Атамбаев бул мөөнөт келгенде АКШ тарап “Манастан” чыгуусу керектигин буга чейин бир нече ирет айткан. Бирок Атамбаев азыр аскерий милдеттерди аркалап жаткан борбор келечекте жарандык жүк өтүүчү борборго айланышына каршы эместигин да билдирген.
(UE)

XS
SM
MD
LG