Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Жапония Кыргызстанга ыраазычылык айтты


Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруо былтыркы алааматтын курмандыктарын эскерүү иш чарасын өткөрдү. Ага өлкөнүн белгилүү коомдук ишмерлери, бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү катышты. Элчиликтен "Азаттыкка" кабарлашкандай, иш чара элчинин Бишкектеги резиденциясында өттү. Син Маруо кырсыктан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп жардам бергенин айтты.

Күчү 9 баллга жеткен зилзала жана анын айынан башталган топон суудан (цунами) былтыр марттын ортосунда Жапонияда 15,9 миң адамдын өмүрү кыйылган. Дагы үч миңден ашуун кишинин али күнчө дайыны табылбай келет. Кыргыз өкмөтү кырсыктан жабыркагандарга бир учак менен ичүүчү суу жеткирип берген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG