Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Маевка тополоңу: Кылмыш иштер сотко өттү


Маевкадагы тополоңдо жабыркаган жергиликтүү тургун, 20-апрель, 2010-жыл
Маевкадагы тополоңдо жабыркаган жергиликтүү тургун, 20-апрель, 2010-жыл

УКМК Маевка тополоңу боюнча козголгон беш кылмыш иштин үчөө сотко өтүп, беш адам камакка алынганын билдирди.

Бишкектин этегиндеги Маевка айылында 2010-жылы 19-апрелде жер талаштан чыккан тополоң улуттар аралык жаңжал катары сыпатталган.

Ошол жылы Ош коогасын башынан өткөргөн Кыргызстан ушул тушта этностор аралык мамилени жөнгө салып, талаш-тартышты алдын алуу жолдорун издеп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү Чыңгыз Жаналиевдин билдиришинче, Маевка окуясындагы үч адамдын өлүмү боюнча тергөө дале уланууда:

- Маевка окуясы боюнча козголгон үч кылмыш иштин тергөө амалдары бүтүп, сотко берилген. Ал жерде беш адамга айып коюлган. Азыр УКМК “адам өлтүрүү” беренеси боюнча бир кылмыш ишти тергеп жатат. Ал эми бирөөсүн Ички иштер министрлигине өткөрүп берген.

Маевкадагы тополоңдон кийин, 20-апрель, 2010-жыл
Маевкадагы тополоңдон кийин, 20-апрель, 2010-жыл
2010-жылы апрелде Маевкада тополоң жер талаштан чыккан. Кыргыз тектүү миңден ашуун адам чогулуп, түрк улутундагы жарандардын айыл этегиндеги айдоо жерин басып алууга аракет кылган. Анда беш адам мерт кетип, кыркка жакыны жаракат алган. Үйлөр өрттөлүп, талкаланган. Жаңжалды басууга Бишкектен 500дөй милиция барган.

Ошол эле жылы Ошто улуттар аралык кандуу калаба болгон. Кыргыз бийлиги мындай окуялар кайталанбашы үчүн иш-чараларды көрүп жатат. Жарашуу жараянына эл аралык уюмдар да жардам берүүдө.

Бирок соңку айларда эле улуттар аралык жаңжал катары сыпатталган бир катар окуялар болду. Өткөн жылы декабрда Маевкада кыргыз жана кавказ улутундагы уландар мушташа кетти. Жыл башында ушундай эле окуя Сокулукта да катталды. Баткенде Андарак айылында декабрдын этегинде кыргыз-тажик жаштары арасында чыр чыкты.

Буга байланыштуу Кыргызстан элдери ассамблеясы жыйынга чогулуп, улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу жолдорун талкуулаган болчу. Ассамблеянын төрагасы Бектемир Мурзуибраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, жаңжалдар көбүнесе көп жылдардан бери чечилбей келаткан социалдык көйгөйлөрдөн улам тутанат. Мындай окуяларды болтурбоо үчүн азыр ошол аймактагы таасирдүү адамдарды тартуу каралып жатат:

Андарактагы жаңжалдан кийин, 30-декабрь, 2011-жыл
Андарактагы жаңжалдан кийин, 30-декабрь, 2011-жыл
- Ар башка улуттун өкүлдөрү жанаша жашаган жерлердеги таасирдүү аксакалдар, аялдардын, жаш лидерлердин тизмелери такталып, алар менен жолугушуп, кандай иштерди аткарышы керек, эгер жаңжал болуп калса, ошолор аркылуу жаңжалдарды басууну сүйлөштүк.

Жалаң эле күч структураларын пайдалануу дайыма эле оң натыйжасын бербейт. Элдин арасындагы таасирдүү адамдарды пайдаланып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, той-тамаша, жакшылык күндөрдү жана башкаларды бирге өткөрүп, ошолорго катышып, эмне себептен ошол айылда нааразылык болуп жатат, буга ким күнөөлүү, ошолордун баарын тактап кагазга түшүрүп, апрель-май айларында республикалык деңгээлде чоң жыйын, жолугушуу өткөн жатат.

Мурзубраимов тополоң болгон Маевкада ар улуттун өкүлдөрү ынтымакка чакырган шеринеге даярдык көрүлүп жатканын да айтып берди:

- Маевкада жашаган сегиз улуттун өкүлү атайын шерине уюштуруп, аны республикалык деңгээлде таркаталы деп, атайын иш план иштеп чыгышыптыр. Сегиз улуттан турган үй-бүлө бала-бакырасы, тууган-уругу менен шерине уюштуруп, ар кандай темада, мисалы, ынтымак маселеси, жаңжалдарды алдын алуу, бири-бирине болгон ишенимди арттыруу, биригүү, жаңжалдарды болтурбай коюуда үй-бүлөнүн ролу деген сыяктуу темаларды тандап алып, шерине өткөрүүнү чечти.

Атайын кызматтын төрагасы Шамил Атаханов жакында парламентте Кыргызстанда улуттар аралык жаңжалдар чыгып кетиши ыктымал жүздөн ашуун очок бар деп билдирген эле. Анын айтымында, алардын отуздайы тез арада жөнгө салууну талап кылат.

XS
SM
MD
LG