Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Тынаевдин отставкасын "Ар-Намыс" 23-мартта талкуулайт


Айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаевдин ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча кетүүсүн парламенттеги "Ар-Намыс" фракциясы 23-мартта талкууламай болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тынаев ден соолугуна байланыштуу министрликтен кетүү жөнүндө арызын өкмөткө жибергени айтылууда. Бүгүн өкмөттүн өкүлү министрдин жаңы орун басарларын дайындап, жамаатка тааныштырып кетти. Министрлик кызматка ким дайындалаары азырынча белгисиз.

Сапарбек Тынаев кызматтан кетүүгө аны эч ким мажбурлабаганын, кан басымы жана канындагы канттын деңгээли жогорулап кеткендиктен бүгүн ооруканага жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жаңы министрликке талапкерлерди "Ар-Намыс" сунуштайт, акыркы чечимди өкмөт башчысы кабыл алат.

Айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Тынаевдин талапкерлигин "Ар-Намыс" фракиясы сунуштаган болчу. Бул кызматта 65 жаштагы министр үч айча иштеди. (RK)

XS
SM
MD
LG