Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бишкек: Нооруз Атамбаевди оппозицияда коштоп жүргөн ыр менен жыйынтыкталды


Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына арналган иш-чара аяктады. Ага өлкө жетекчилиги, чет мамлекеттердин элчилери жана Бишкектин тургундары менен коноктору катышты. Майрамдын расмий бөлүгүнөн кийин кыргыз эстрада жылдыздары катышкан концерт тартууланды. Концерттик программа "Кыргызстан" деген ыр менен жыйынтыкталды.

Карапайым айылдык музыкант Акылбек Айтиевдин "Кыргызстан" деген мекен ырын анын окуучусу Кумар Асанов ырдап чыккан болчу. Бул ырды 2006-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге каршы оппозиция туу катары көтөрүп чыккан. Анда социал-демократтар партиясынын атынан элди баштап нааразылык акцияларына чыккан Алмазбек Атамбаевдин жүрүштөрү дал ушул ыр менен коштолчу. Алты жылдан кийин Атамбаев кыргыз президенти катары борбордук аянтта элди куттуктап, бул ырдын аткаруучуларына "Браво!" айтып, ордунан тура кол чапты. (RK)

XS
SM
MD
LG